Кыргызстандык спортчу Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча 23 жаштан ашпагандардын арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.
Таймаш Венгриянын борбору Будапешт шаарында 28-октябрда башталган. Кыргызстандан тогуз спортчу барган. Финалдык беттеште кыргызстандыктын атаандашы индиялык спортчу Равиндер Равиндер болду.
Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтындагы маалыматтарга караганда, Жолдошбеков атаандашын 5:3 эсеби менен жеңген. Ал 61 килограммга чейинки салмактагылардын категориясында таймашып жаткан. Биринчи беттеште түркиялык спортчу Селехаттин Сертти 15:6 эсебинде уткан. Жеңилип калган экинчи атаандашы Валентин Блесецк болду (6:5).
Чейрек финалда казакстандык Даулет Тажибайга жеңилүү ызасын тарттырды. Ал эми жарым финалда япон балбаны Рютаро Хаяо менен беттешип, 12:1 менен утуп алган.