Казакстанда 11 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы үчүн айдоочу соттолду

Автор -
209
@Murat Sokrat

Жамбыл облусунун Кордай райондук соту 2019-жылдын апрелинде автобустун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча өкүм чыгарды. Анда 11 адам каза болуп, 32си жараат алган.

20-апрелде жеңил автоунаа менен жүк ташуучу автоунаа кагышып, алардан буйтап өтүүгө аракет кылган автобус оодарылып кеткен. Кырсыкта Өзбекстан менен Казакстандын жарандары каза тапкан.

Кордай райондук соту айыпталуучуну «Адамдардын өлүмүнө алып келген жол эрежесин бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга соттоду. Мындан тышкары ал жети жыл автоунаа айдоо укугунан ажыратылып, жабырлануучулардын фондуна 37 875 теңге (97 доллар) төлөп берүүгө милдеттендирилди.