«Кумтөр» компаниясынын кызматкери киши колдуу болуп каза тапты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги Ысык-Көл облустук милицияга таянып, билдирди.
Маалыматка караганда, 5-ноябрь күнү Каракол шаарындагы облустук ооруканага 34 жаштагы Ч.А. аттуу жаран келип түшкөн. Ал бычактан алган жараатынын айынан өзүнө келбей каза болду.
[ads-quote-center cite=’— деп жазылат билдирүүдө.’]«Кылмышка шектүү делип каза болгон жарандын кесиптеши Т.Т. кармалды. Ал күнөөсүн мойнуна алды. Билдирүүгө ылайык, алар ичимдик ичип отуруп, ортодо пикир келишпестик жаралган. Ч.А. унаадан түшүп, кесиптешинин унаасын чаап жиберген. Ага жини келген Т.Т. бычак менен сайып салган», [/ads-quote-center]





























