Бүгүн, 11-ноябрь күнү эртең менен Москва шаарынын Бабушкин районунда аял эки баласы менен 9-кабаттан кулап түштү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Аял өзү жана кызы (болжол менен 6-9 айлык) ошол жерден жан беришкен, ал эми алты жаштагы уулу оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Басылмалар каза тапкан аял 36 жаштагы Людмила Соколова экенин жазып чыгышты. Ал ошол күнү эртең менен кызы ачкалыктан жаман болуп баратканын, эмчек эмбей жатканын айтып, 4 жолу «Тез жардам» кызматына чалган. Ал жерден оозеки түрдө кеңеш беришип, үйүнө балдар дарыгерин чакырууну сунушташкан.
Кырсык болордон бир мүнөт мурун аял «Тез жардамга» акыркы жолу чалган. Бул убакта анын батирине дарыгерлер тобу келген болчу, бирок эч ким эшикти ачкан эмес.
Полиция кызматкерлери аялдын үйүн тинтүү учурунда маркумдун «Виталикти (ред. жолдошу) камакка албагыла» деген акыркы катын жана өлүмдөн кийинки жашоо тууралуу жазган ырларын табышкан.
Маркумдун жолдошу алар кулаганда жумушта болуп, кырсык катталганда келген. ЖМКлар аял төрөттөн кийинки депрессия абалында жүргөн болушу мүмкүн деген ойду карманышууда. Жолдошунун айтымында, аялы кызын төрөгөндөн кийин өлүм тууралуу ойлоно баштаган.
РФ Тергөө комитети бул факты боюнча эки же андан ашык кишини өлтүрүү беренеси менен кылмыш ишин козгоду.






























