Бычак менен коркуткан. Караколдо 18 жаштагы жаран каракчылыкка шектелип, кармалды

Автор -

Каракол шаарында компьютердик клубдун кызматкерин бычак менен коркутуп, акчасын тоноп кеткен жаран кармалды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш октябрь айынын аягында болгон. Каракол шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмүнө компьютердик клубдун администраторунан арыз түшкөн. Ал 30-октябрдан 31-октябрга караган түнү болжол менен саат 03:00 чамаларында клубга 20-25 жаштагы азиат улутундагы жаран кирип, бычак менен коркутуп, 3 миң сом акчасын жана «Самсунг-А6» үлгүсүндөгү телефонун алып кеткенин билдирген.

Бул билдирүү бирдиктүү реестрге каттоого алынып, «Каракчылык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

[ads-quote-center cite=’Ысык-Көл ОИИБ’]«Иликтөө иш-чараларынын алкагында шектүүнүн өздүгү такталып, кармалды. Ал Сокулук районунун 18 жаштагы С.Султан аттуу тургуну болуп чыкты. Алдын ала суракта шектүү күнөөсүн моюнга алды. Ошондой эле, андан далил буюмдар табылды». [/ads-quote-center]

Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүнүн баш коргоо чарасы аныкталып, ал 2 айга камакка алынды. Тергөө иштери жүрүүдө.