Egyptair авиакомпаниясына таандык учак Парижден Каирге учуп бара жатып, радарлардан көрүнбөй калган. Компанияда иштеген адамдарга таянып, маалымат каражаттары учак Жер Ортолук деңизге түшкөнүн жазышууда.

MS804 каттамы “Шарль де Голль” аэропортунан 18-майда Париж убакыты боюнча 23:09да учуп чыккан. 20 мүнөттөн кийин Грекиянын аба мейкиндигине кирип, лайнер радарлардан жоголуп кеткен.

Түрдүү маалыматтар боюнча, бортто 58-59 жүргүнчү жана 10го чейин экипаж мүчөлөрү бар. Egyptair компаниясы учакты издөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.