Быйыл аба-ырайы жакшы болгондуктан, дыйканчылык дагы жакшы болду. ЖК депутаты Кубанычбек Нурматов айтымында, Тажикстандан келген мөмө-жемиштин айынан Кыргызстандын дыйыкандарына кыйын болуп жатат.

“Тажикстан мөмө-жемиштерди контрабанда менен киргизип жатат. Кыргызстанда баасы арзандап кетти. Дыйкандар үчүн оор болду. Алар мага 10-15 күн кеч бышса да өзүбүздүн азыктарыбызды колдонсок деп кайрылышты. Тиешелүү кызматтарга протоколдук тапшырма берсек жакшы болмок. Алардын азыктарын киргизбөө боюнча”, — дейт депутат.