Москвада дайынсыз кеткен кыргызстандык ооруканада экени аныкталды

Автор -

Орусияда дайыны табылбай жаткан кыргызстандык ооруканада экени аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганада, министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 33 жаштагы кыргызстандык келин кайрылып, өткөн айдан бери күйөөсү машинеси менен жумушка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ал адам оор жаракат менен ооруканада экени белгилүү болду. Аны 11-октябрда Москванын айланма жолунан таап, реанимацияга жеткиришкен.

Учурда кыргызстандык жаран кандайча ошондой окуяга кабылганы, машинеси каякта экени териштирилип жатат.