7-8-августта Кой-Ташта болуп өткөн окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссия өз ишин калыс алып барган жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган комиссиянын мүчөсү, Бишкектин тез жардам станциясынын мурдагы башкы дарыгери Жаркынбек Касымбеков маалымдады.
Буга чейин ал комиссиянын корутундусуна кол коюга макул болбой, бирок, кийинчерээк, документте акыркы кол койгонун билдирген эле.
[ads-quote-center cite=’деди Жаркынбек Касымбеков.’]«Мен корутундуга кол койгону менен өз позициямды өзгөрткөн эмесмин. Документке укук коргоо органдарынынын жетекчилеринин жоопкерчиликтери тууралуу толуктоолор киргизилген. Бирок, мен мурдагыдай эле иш толук кандуу калыс жүргүзүлгөн жок деп эсептейм. Биз мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзгөн жокпуз. Бизге ачык кайрылганына карабастан, Фарид Ниязовдун дагы пикирин укпадык. Мен бул тууралуу жыйындардын биринде айткам, бирок, комиссиянын башка мүчөлөрүнөн колдоо тапкан жокмун». [/ads-quote-center]Касымбеков комиссия Кой-Ташта жабыркаган жай тургундар жөнүндө маселени дээрлик карабаганын кошумчалады.
[ads-quote-center cite=’деп сөзүн жыйынтыктады ал.’]«Комиссиянын корутундусунда Кой-Ташта жана ага жакын аймактарда жашаган жабырланган жай тургундар жөнүндө дээрлик сөз кылынган жок, андыктан, мен өз позициямды өзгөрткөн жокмун». [/ads-quote-center]Эске салсак, буга чейин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мамкомиссиянын корутундусуна каршы добуш бергени маалымдалган.