200 миң доллар пара алууга шектелген прокурор Улан Чалбаев 5 жылга кесилди

Автор -

200 миң доллар пара алууга шектелген Башкы прокуратуранын прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаевге Биринчи Май райондук соту чечим чыгарды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотуна таянып, Super.kg жазды.

Маалыматка ылайык, чечимди кечээ, 19-ноябрь күнү Биринчи Май райондук соту чыгарып, анда Улан Чалбаев беш жылга эркинен ажыратылган.

2018-жылдын 16-апрелинде Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКдан кабарлашкан. Кармоо учурунда анын кан басымы түшүп кетип, «Тез жардам» кызматынын дарыгерлери ага «инсульт» деген диагноз коюп, ооруканага алып кетишкен.

Бүгүн, 20-ноябрда УКМК Улан Чалбаевдин иши сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган.