Депутат Ирина Карамушкина Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимов 4 күн мурун үй-бүлөсүн алып, Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди. Бул туурасында эл өкүлү Facebook социалдык тармагындагы баракчасында жазды.
Эскерте кетсек, кечээ, 21-ноябрда «Азаттык» «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана «Клооп» менен бирге жүргүзгөн КР Бажы кызматындагы коррупция тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда Кыргызстандан ири суммадагы акчанын чыгарылып кетишине тиешеси бар делип,
уйгур мультимиллионери Хабибула Абдыкадыр аттуу адамдын аты аталган. Журналисттер анын ушул жылдын 10-ноябрында Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити жана мурунку бажычы Райымбек Матраимов менен болгон байланышын аныкташкан.
Иликтөөдө Райымбек Матраимов менен анын үй-бүлөсүнүн көмүскө бизнеси кантип өнүккөнүнүн схемасы сүрөттөлөт. Иликтөө коомчулукта чоң резонанс жаратып, соцтармак колдонуучулары президенттен жана өкмөттөн конкреттүү кадамдарды күтүшүүдө.
Президенттин басма сөз кызматы Жээнбековдун Абдукадыр менен эч кандай бизнес-долбоору жок экенин жана буга чейин да болбогонун билдирди.
Райымбек Матраимовдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматты Мамлекеттик чек ара жана Бажы кызматы тастыктай элек.