Аскердик прокуратура «Чуңкурчак» тоо-лыжа базасынын эсебин камакка алды

Автор -

Аскердик прокуратура «Чуңкурчак» тоо-лыжа базасынын эсебин камакка алды. Бул тууралуу жеке булактарын таянып, 24.kg билдирди.

Маалыматка караганда, Red rocks ЖЧКнын эсебин мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алышкан.

[ads-quote-center cite=’деп билдиришкен булактар.’]«ЖЧКнын уставдык капиталынын 30 пайызына Нурбек Шаршенов ээлик кылып келген. Ал Алмазбек Атамбаевдин тууганы. Көзөмөлдөөчү орган мурунку өлкө башчынын базага тиешеси бары-жогун текшерип чыгат. Ал камакка алынгандыгына байланыштуу иштейби же иштебейби, азырынча белгисиз», [/ads-quote-center]