Түркия Кыргызстанга Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча маалыматтарды берет

Автор -

Түркиянын полициясы Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча зарыл болгон маалыматтарды Кыргызстандын ИИМине берет. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-ноябрда Кашкар Жунушалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси Мехмед Татлы жана Түркиянын ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушкан. Анда бир катар маселелерди, анын ичинен Стамбулда жасалган кылмыш-Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкууга алышкан.
Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP жарыялады. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын, ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов акча алып турганын айткан.