Курал менен келишкен. Бишкекте банктын сактык кассасы тонолду

Автор -

Бүгүн, 26-ноябрда болжол менен таңкы 8:00де Бишкектеги банктардын биринин сактык кассасын тоноп кетишти. Бул тууралуу Kaktus.media күч түзүмдөрүнө таянып, билдирди.

Сөз «ЭкоИсламикБанк» тууралуу болуп жатат. Алгач милиция кызматкерин сабап кеткендиги тууралуу маалымат чыккан. Кийин банкты «Кумай Секьюрити» жеке  менчик агенттиги кайтарып келгени, дал ошол агенттиктин күзөт кызматкери сабалганы маалым болгон.

Маалыматка караганда, Юнусалиев жана Сухэ  көчөсүндө жайгашкан сактык кассага кол салгандар курал менен жүрүшкөн. Алар күзөтчүнү сабап, кассадан акчаны алып, качып кетишкен. Учурда Бишкекте «Колго түшүрүү» планы жарыяланды.