Коомдук биринчи канал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгы тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Жарым сааттык берүүдө Атамбаев байлыгын шектүү жолдор менен топтогону баяндалат, деп жазат «Азаттык».
Анда журналист мурдагы президент мыйзамсыз тапкан каражатын, мүлктөрүн башка адамдарга каттатып адалдаган болушу ыктымал дейт. Алардын бири катары 28 жаштагы Субихи Пархати аттуу жаранды пайдаланганы айтылат. Пархати болсо Атамбаев аны пайдаланып кеткенин айтып берген:
[ads-quote-center cite=»]«Мен өзүм жөнүндө интернеттен окуп билдим. Анан шашылыш бул жака келдим. Мындай иштер болгон эмес. Бизде мындай компания алуу мүмкүнчүлүгүбүз жок. Алмазбек Атамбаев мени жана атамды уят кылды. Биз муну билген эмеспиз».[/ads-quote-center]Пархати кайсы бир документтерге атасынын суранычы менен кол койгонун, бирок эмне иш экенин билбей турганын айтат. Иликтөөдө Субихи Пархатиге жазылган мүлктөргө Атамбаев эле ээлик кылган деп түкшүмөлдөйт. Азырынча Атамбаевди колдогон КСДП партиясы иликтөө боюнча комментарий бере элек.
Субихи Пархатинин аты сурма казган «Хуасинь» компаниясы боюнча да ачылган кылмыш ишинде аталган. Башкы прокуратуранын август айында берген маалыматы боюнча, 2015-жылы «Хуасинь» компаниясына лицензия берүүдө коррупциялык иштер орун алган. Бул инвестициялык компанияга кыргызстандык Субихи Пархати жана кытайлык жаран Чжай Хунвей ээлик кылат.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 27-июнда Субихи Пархати 28 жашта экенин, Кара-Балта шаарында туулуп, Үрүмчүдө таятасынын колунда чоңойгонун, улуту казак, жарандыгы кыргызстандык экенин билдирген.