Түркияда сойкулук менен алектенип жүрөт деген шек менен 2 чет элдик кыз-келин кармалган. Алардын бири кыргыз жараны экенин түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, Черкезкөй шаарында полиция кызматы сойкулукка каршы иш-чараларын жүргүзгөн. Жыйынтыгында укук коргоочулар 3 адамды кармаган. Алардын бири кыз-келиндерди сатканга ортомчу болуп жүргөндүгү аныкталган. Ал эми кармалгандардын бири кыргыз жараны, бири өзбек жараны болгон.
Ортомчу болгон жаран «Сойкулук, ортомчулук кылуу жана мажбурлоо» беренеси боюнча айыпталып камакка алынган. Эки чет элдик кыз-келинди мекенине депортация кылуу үчүн миграция кызматына өткөрүлүп берилген.