Сургут шаарында чыккан өрттөн кыргызстандык үй-бүлө каза тапты

Автор -
Иллюстрация
Сургут шаарындагы турак үйдөн чыккан өрттөн эки кыргыз жараны каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, кырсык 26-ноябрь күнү саат 9:00 чамасында болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык үй-бүлө каза тапты. Алар Ош облусунун Алай районунун 41 жаштагы тургундары Ш.У.К. менен 37 жаштагы К.А.Ж. болгон.
[ads-quote-center cite=’-деп айтылат маалыматта. ‘]«Күйөөсүнүн сөөгү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн жардамы менен бүгүн, 29-ноябрда Екатеринбург шаары аркылуу Ош шаарына жөнөтүлөт. Жубайынын сөөгү  документтери даяр болгон соң жөнөтүлөт», [/ads-quote-center]