Улуу Чыңгыз атабыз айтылуу “Маңкурт” тууралуу бекеринен жазып кеткен эмес экен да. Көзү жетип, көөдөнү менен туйуп, жан сыздаткан оорусун келечек урпактарынын жүрүм турумун түз айта албаса да, кыйыр түрдө, сыйда жазып кетиптир. Сен маңкуртсуң десек чок баскандай секирип чычалай турганыбыз турган иш. Бирок чындык бакыйып көрүнүп турбайбы, аны кантип жаап жашырабыз?

Бразилиялын Сан-Паулу шаарында адамдын төбө чачын тик тургузуп, жакасын кармап кудайга тобо келтирчү окуя катталды. Капинас айыл аймагында энеси жаңы төрөлгөн баласын таштандыга ыргытып салган. Аны кадимки эле ит таштандынын арасынан таап алып, аяр тиштеп, өмүрүн сактап калган.

Сүрөт: odnoklassniki.ru

Бул окуяга күбө болгондор дароо тез жардам бөлүмүнө кайрылышкан. Ошол учурда бейкүнөө наристе жаңы гана төрөлгөн, киндиги да кесилген эмес. Мээримдүү иттин жардамы менен кыз бала аман калды. Итчелик да мээрим төгө албаган кыздын энеси издөөгө берилген.

Сүрөт: odnoklassniki.ru

“Карга да баласын аппагым” дейт, ушул каргачада камкор боло албай, биз адамдар жаныбарлардан да төмөн түшүп баратабызбы? Керек болсо итче да боло албай, өз жаныбыздан жаралган балдарыбызга  мээрим төгө албай койдукпу? Анан да маңкурт десе арданып койобуз, нак маңкурттун өзү экенибизди моюнга алгыбыз жок. Эңөкүнүнчтүүсү, бечара Жоламан кыйноо аркылуу маңкуртка айланса, биз эч кыйноосуз эле өз эркибиз менен баш ийип бергенибизде.

Сүрөт: odnoklassniki.ru
Сүрөт: odnoklassniki.ru