Миграция боюнча мамлекеттик кызмат учурда 167 качкын бар экенин билдирүүдө. Алардын 50сү – Сириядан. Сириялык 5 качкын кыргыз жарандары менен үй-бүлө куруп, балалуу болушту.

Качкындардын көпчүлүгү, 106 киши, Ооганстандан келген. Алардын 57си – эркек кишилер, 49 – аялдар.

Украинадан 10 качкын бар. 6 эркек жана 4 аял киши. Ирандан – 2. Экөө тең эркек. Мароккодон 1 эркек киши жашап келет.

Мекеме билдиргендей, сириялык жарандар Кыргызстанда качкын макамын алууга 2012-жылы кайрылып башташкан. 2016-жылы бул өлкөдөн 1 адам арыз берген.

БУУнун конвенциясына ылайык, Кыргызстандын качкындарды кабыл алып туруу боюнча милдеттенмелери бар.