Жогорку Кеңештин депутаттары Асель Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын үй камагында калуу мөөнөтү узартылды. Бул туурасында КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимди бүгүн, 4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алды. Эл өкүлдөрү саат 2020-жылдын 9-февралына чейин саат 22:0-6:00 аралыктарында үйлөрүнөн чыкпашы керек.
Эске сала кетсек, депутаттарды 7-августта Кой-Таш окуялары учурунда спецназ жоокерлерин барымтага алууга айыптап жатышат.