Бишкекте айдоочу аз жерден аялдамадагы адамдарды сүзгөнү калды

Автор -

Бишкекте жолдо бараткан айдоочу рулду башкара албай калып аз жерден аялдамадагы адамдарды коюп кете жаздады. Окуянын видеосун Эртай аттуу активист Инстаграм баракчасына жүктөдү.

Жол кырсыгы бүгүн, 5-декабрда, Байтик баатыр менен Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кадрдан Ravon үлгүсүндөгү унаа Скрябин көчөсүнөн түндүктү көздөй бурулуп, андан соң аялдаманын жанында турган Nissan Wingroad автосун сүзүп кеткенин көрүүгө болот.

https://www.instagram.com/p/B5sHmPKHqqU/

Активисттин айтымында, бул учурда таксист кардарын түшүрүп жаткан. Ал эми аялдамада эл көп болгон. Эгер таксисттин унаасы болбогондо адамдарды коюп кетүү коркунучу жаралмак.