Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова мамлекет жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоодо тең карабай жатат деген ойдо. Бул туурасында эл өкүлү парламенттин 5-декабрдагы отурумунда айтып чыкты.
«Азыр Каржы полициясынын, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине, аскер кызматкерлерине бекер үй берилип жатканы, албетте, кубандырат. Алар буга татыктуу. Бирок эмне үчүн алардан аз маяна алган мугалимдер менен дарыгерлер бекер үй алууга татыксыз? Эмне үчүн мугалимдер менен дарыгерлерди алы жетпеген ипотекага отургузуп, Каржы полициясы менен ИИМ кызматкерлерине бекер батир берип жатасыңар? Социалдык турак жайдын жалпы фондун түзүү керек, бизди «бардык кесип — ардактуу, бардык кесип — керектүү» деп окутушпады беле. Бирөөсүнүн алдында көшөкөрлөнүп, башкаларын унутуп койгон болбойт», -деди Евгения Строкова.
Ал ошондой эле өкмөттү Фучик жана Суванбердиев көчөлөрүндөгү жатаканаларда жашаган пенсионер дарыгер жана мугалимдерге өз бөлмөлөрүн менчиктештирип алуусуна мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды. Айтымында, аларды пенсияга чыккандан кийин бөлмөнү бошотууга мажбурлап жатышат.