Исаковдун жактоочусу: Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоого негиз бар

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоого негиз бар. Бул туурасында бүгүн, 6-декабрда ЖЭБ боюнча соттук отурумда Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

«Феликс Кулов Президенттик аппараттан парламентке команда берилген деп айтты. Жогорку Кеңеш тескерисинче өкмөттү текшерүүчү орган. Эгер мыйзам долбоорунун иштеп чыгуучулары аны колдоп берүүсүн суранса, бул нормалдуу көрүнүш.

Эгер чындыгында эле бардык мыйзамдарды аткарсак, анда биз азыркы өлкө башчысына импичмент жарыялашыбыз керек. Себеби Жогорку Кеңеште ЖЭБ боюнча мыйзам долбоору кабыл алынып жатканда Асылбек Жээнбеков төрага болгон. Ал эми модернизация бүткөн соң, анын лентасын кесип, кабыл алган Сооронбай Жээнбеков болгон. Демек Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоого себеп бар», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2013-2017-жылдары Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо жүргөн. Ал Кытайдын насыяга берилген 386 миллион доллар каражатына кытайлык ТВЕА компаниясы тарабынан жасалган. Кийин ЖЭБди модернизациялоодо коррупция болгон деген негиз менен кылмыш иши ачылып, учурда мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир катар аткаминерлер соттолуп жатат.