Кара-Балтада апасы менен кызынын жансыз денеси табылды. Алар өз жандарын кыйганы айтылат

Автор -

Кара-Балтада апасы менен кызынын жансыз денеси өздөрү жашаган батирден табылды. Алардын денесинде эч кандай зомбулуктун изи болгон эмес. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка караганда, 5-декабрда саат 15:00дө Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балтадагы көп кабаттуу үйлөрдүн батиринен эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу кабарлашкан. Жерине барган ыкчам тергөө тобу маркумдардын денесинен зомбулуктун белгисин тапкан эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Каза болгондордун бири 71 жаштагы Л.П. жана анын 40 жаштагы С.П. аттуу кызы болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, үй ээсинин жана анын кызынын жансыз денесин маркумдун курбусу аныктап, милицияга кабар берген. Мындан тышкары, батирдин конок бөлмөсүндөгү үстөлдөн кат табылган. Катта алар суицид жасаганы, бул окуяга эч кимди күнөөлөөнүн кереги жок экендиги жазылган. Азыркы учурда милиция кызматкерлери бул факты боюнча тергөө иштерин жүргүзүп, өлүмдүн так себептерин аныктоонун үстүндө иштеп жатышат. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды», — дешти милициядан.