18-19-майдагы катуу жааган жамгырдын кесепетинен Макаевская көчөсүндө узундугу 80 метр, туурасы 15 метр, бийиктиги 5 метр, 1,5 метрге чейин жердин көчкөнү байкалган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Баткен облусунун башкармалыгынан ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы 11 турак үйдүн жашоочуларына эскертмелерди беришти. Алар убактылуу туугандарына көчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди.