Мамэкотехинспекциянын 6 кызматкери коррупцияга шектелип, камалды

Автор -
212

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эки кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

«Аталган мекемеде кызмат адамдары менчик ишканалардан пара катары акча алына турган коррупциялык схема түзгөн деп шектелүүдө. Алар менчик архитектуралык-курулуш көзөмөл компаниялардын компетенциясына байланыштуу маселелерди чечип бергендиги үчүн мыйзамсыз каражат алып турган», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

6-декабрда аталган мекеменин башкармалыгынын башчысы А.Т. жана башкы инспектор Б.Б. 2000 миң доллар алып, бөлүшүп жаткан жеринен кармалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамэкотехинспекциянын жооптуу кызматтагы 6 кызматкери, анын ичинде башкармалыктын башчысы А.Т. дагы УКМКнын Тергөө абагына киргизилди. Учурда ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө.