Кечээ, 16-декабрда Баткенде кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан болчу. Маалыматты мамлекеттик чек ара кызматы да ырастаган. Эки тараптын жаңжалы такталбаган жерге тажик тарап курулуш иштерин жүргүзгөндүгүнө байланыштуу чыкканы маалымдалган.
Бүгүнкүгө карата чек арада абал тынч экенин Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады. Анда айтылгандай, кечээ чырдан кийин эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун орун басары болуп жолугушуу өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгында такталбаган жерге ал такталганга чейин курулуш иштерин жүргүзүүнү токтотуу чечимине келишкен.
«Андан кийин топтолгон элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эл тарап кетти. Учурда чек арада абал тынч», — деп айтылат маалыматта.