Чүйдө өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды

Автор -
258
Иллюстрациялык сүрөт

Жайыл РИИБи тарабынан өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-октябрь күнү саат 21:30 чамасында Жайыл РИИБине Суусамыр өрөөнүндө адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Кылмыш болгон жерге ыкчам иликтөө кызматы келип, Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул айылындагы жайлоодо, бадалдын астынан кыйноо менен өлтүрүлгөн кишинин жансыз денесин табышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган жана керектүү экспертизалар жүргүзүлгөн. Кийинчерээк каза болгон маркумдун аты-жөнү такталып, ал жакын аралыктагы кашарда чабан болуп иштеген 37 жаштагы К.К. экени аныкталган.

«Тергөө амалдарынын жыйынтыгында, кылмышка шектелип, Ысык-Көл облусунун 23 жаштагы Р.Б. аттуу тургуну кармалган. Маалыматка ылайык, маркум экөө кылмыш болгон күнү таанышып, спирт ичимдигин ичкен соң ортосунда жаңжал чыккан. Р.Б. чабанды сабап, колу-бутун жип менен байлап, оозуна баш кийимди тоголоктоп тыгып, үстүнө унаанын дөңгөлөгүн бастырып, изин жашырып кеткен», -деп билдиришет райондук милициядан.

Кылмышка шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.