Акыркы жылдары өлкөдө ченемдик-техникалык документтеринин талаптарын сактабаган авто унааларга суюлтулган газды куючу жайлар салынып баштады.
Мындай көрүнүш кырсыктарды алып келиши мүмкүн. Ошондой эле адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч келтирет.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция бүгүн мыйзамды бузган май куюучу жайларды текшерет.