Factcheck.kg сайтынын Матраимовдун жубайынын кымбат баалуу сааттары, кийимдери тууралуу иликтөөсү (видео)

Автор -
326

«Үмүт-2020» кыймылы Factcheck.kg сайтынын Bellingcat менен бирге жасаган иликтөөсүнүн тасмасын YouTube-каналына жайгаштырды. Анда Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованын жана уулунун кымбат баалуу сааттары, кийим-кече, асем жасалгалары жана автоунаасы тууралуу айтылат.

Иликтөөдө Матраимовдун үй-бүлө мүчөлөрү 2015-2017-жылдары социалдык сайттарга чыгарган сүрөттөрүндөгү буюмдарынын баасы такталып, иликтөөчүлөр алардын жалпы суммасы 24 миллион сомдон кем эмес турат деп баалашкан.

Ошол эле маалда Райымбек Матраимовдун 2015-2016-жылкы декларацияларындагы кирешеси да, чыгашасы да бул суммага жетпейт. Эки жылда Матраимовдун үй-бүлөсү 15,6 млн сом тапканын гана көрсөткөн.

Эске сала кетсек, кечээ, 17-декабрда бул иликтөөнү жарыялаган Factcheck.kg сайтына хакердик чабуул жасалып, бир топ убакытка ачылбай калган. Редактор Болот Темиров серверге Кыргызстандан, Кытайдан, Орусиядан, Таиланддан жана Индонезиядан чабуул болгонун билдирди.

Ушул эле иликтөөнү кайра баскан Kaktus.media, Economist.kg, pk.kg жана Kloop.kg сайттарынын ишинде да кыйынчылык жаралып, кыска мөөнөткө иштебей калды.

https://youtu.be/FqPJqcEyATE