Батукаевдин бошотулушу боюнча кийинки сот УКМК имаратында өтөт

Автор -

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча бүгүн, 19-декабрга белгиленген соттук отурум жылдырылды. Буга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин отурумга катышпаганы себеп болду. Жарым саатка созулган соттук отурумда судья кийинки процесс УКМКда өтөрүн айтканын жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

«Тилекке каршы, иш мурункудан дагы татаалдашты. Сот мамлекеттик айыптоочулардын өтүнмөсү боюнча, кийинки отурум УКМКнын имаратында болорун билдирди. Эми соттор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет деп аталып калат. Бирок мыйзамда кылмыш иши боюнча көчмө отурумдарды өткөрүү каралган эмес. Анткени алар атайын жабдыгы бар сот имаратында өтүшү керек. Бирок УКМКда андай шарт жок. Процесстин катышуучулары үчүн аудио, видео жазуу каралган эмес. Ал эле эмес, ал жакта телефон, компьютерлерди колдонууга тыюу салынган. Экинчи пункт боюнча айта кетсем, эгер отурум УКМКда өтсө, журналисттер жана отурумга келген жарандар сыртта, суукта күтүүгө аргасыз болот. Мына ушинтип соттор жарандар жөнүндө «камкордук» көрүп жатат», — деди жактоочу.