Кара куурай атайын себилгени аныкталган. Талаанын аянты – 0,4 га.

Чек ара кызматы билдиргендей, 19-майда “Кант” заставасынын аскерий кызматкерлери милиция менен рейд өткөрүп, Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук аймагында кара куурай талаасын таап алышты. Ал өрттөлүп жок кылынды.