Маселени чечүү үчүн Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков казак кесиптеши Карим Масимов менен жолукту.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки премьер айыл чарба министрликтерине 8-июнга чейин тыюунун алынышын иштеп чыксын деп тапшырма берди. Бул күнү Бишкекте ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин кезектеги отуруму өтөт.

Казакстан Кыргызстанда өндүрүлгөн картөшкөгө 4-майда тыюу салган. Коңшу өлкө бул кадамын жер-жемиште оорулар бар деп түшүндүргөн. Бирок кыргыз адистери анын себеби адаандаштыкта болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.