Рамазан айы жакындаган сайын кыргызстандыктардын көбү орозо кармоого даярдана баштады. Орозонун пайдасы жана зыяны менен катар, ыйык айда бизди кандай аба-ырайы күтөт экен. Бул боюнча saat.kg тактап көрдү.
1975-жылы Аллан Котт өзүнүн китебинде орозо тамак сиңирүү жана нерв системасынын «эс алуусуна» түрткү берет, андан тышкары, зат алмашууну жакшыртат деп жазып чыккан. Андан бери изилдөөлөр жүрүп отуруп, бул маалымат дагы такталды. Батыш окумуштуулары кызыккан орозонун кандай пайдасы бар?
Айта кетчү нерсе, суу-нандан кыйла убакытка баш тартуу христиан, буддизм, иудаизм дининде да колдонулат.
Чынында эле тамак-аштын көптүгүнөн чарчаган ашказанга эс алуу сөзсүз керек. Орозо убагында организмге пайда алып келчү гана өзгөрүүлөр болуп, боордун иштеши жакшырып, канда канттын көлөмү азаят. Энергетикалык муктаждыктардан улам, ашыкча майлар күйөт, адам арыктап, сергек болуп, ден-соолугу жакшырат.
Дарыгерлердин жүргүзгөн текшерүүлөрү боюнча, орозо дени сак организмге эч кандай зыян келтирбейт.
Быйыл 29-30 күн кармалган орозо 6 же 7-июнга туш келет. Ай жылнаамасы боюнча өткөрүлгөн ыйык айдын так датасын эрте айтып коюуга мүмкүн эмес.
Быйыл июнь айы өтө аптаптуу деле болбойт. Абанын температурасы 22 -30 градуска чейин болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт.