Якутияда кыргыз диаспорасынын башчысы кылмышка шектелип кармалды

Автор -

Якутиядагы кыргыз диаспорасынын башчысы Жазбек Бекболиев кармалды. Ага «Адамдар тобу менен алдын ала бүтүм боюнча мыйзамсыз миграциялык иштерди уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши козголгон, деп жазат «Комсомольская правда».

Бекболиевди кармоо учурунда анын жанынан миграциялык каттоого коюлган Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чыккан.

«Бул иште Бекболиевдин шериги катары якутиялык аял дагы өтүп жатат. Жазбек Бекболиев мигранттарды таап берчү,  шериги кабыл алуучу тараптын тийиштүү документтерин даярдоого жооптуу болгон деп шектелүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, мындай мыйзамсыз аракеттерден түшкөн каражатты топтун мүчөлөрү өз ара бөлүп алышкан. Бул топто канча киши бар экендигин тергөө азырынча айта элек.