Футбол борборун куруу маселеси боюнча маалымат жыйыны өтөт

Автор -

Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте Футбол борборун куруу маселесине байланыштуу бүгүн, 30-декабрда басма сөз жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу федерация социалдык тармактагы баракчалары аркылуу маалымат таратты.

Футбол борборун куруу маселесин кароо шаардык кеңеште үч жолу жылдырылып, кийинки жылга калды. Бишкек мэриясы шаардык кеңештин токтомуна ылайык жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыяланганын, ушундан улам шаар мэри жер тилкелерин жана муниципалдык мүлктү өзүмбилемдик жолу менен берүүгө укугу жок экенин билдирген.

Федерация убактылуу пайдалануу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчү менен мэрияга бир нече жолу кайрылганын, ал жерге салынган Футбол борбору кийин мэриянын карамагына өткөрүлөрү тууралуу шаардык бийликке маалымат берилгенин билдирди.

Буга чейин калаа бийлиги Футбол борборун куруу үчүн үч жер тилкесин сунуш кылган. 25-декабрдагы жыйында Футбол федерациясы ал жерлер Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айткан.

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) берип жаткан гранттын талабына ылайык, жер бөлүп берүү маселеси 31-декабрга чейин чечилбесе, FIFA 3,5 миллион доллар гранты башка мамлекеттерге берет.

26-декабрда Кыргызстандын Футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев Бишкекте Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште чечилбесе, улуттук курама баш калаадаойноодон баш тарта турганын билдирген.