Түндө чыккан өрт дээрлик 5 миң чаарчы метрди каптап, аны 7 сааттан ашык өчүрүштү. Натыйжасында 53 соода дүкөнү, 2 жабык соода түйүнү жана 15 ашкана күйүп кетти.
ӨКМ билдиргендей, бүгүн саат 02:40 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын борбордук “Лейлек” базарында өрт чыкты. Өрттөн базардын болжол менен жалпы 4960м2 аянты күйдү.
2016-жылдын 20-майда саат 10:05 чамасында өрт толугу менен өчүрүлдү.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен базардын аймагынан 2 соода борбору, 64 соода түйүнү, 10 дүкөн, 6 ашкана жана 1 “Мегаком” уюлдук операторуна караштуу офисти сактап калышкан.
Чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда.