Ош шаарында түнкүсүн көчөдөн табылган эки жаштагы кыздын энеси ким экени аныкталды. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бөбөктүн энеси Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын 1992-жылкы тургуну. Анын Ош шаарында убактылуу жашап жүргөндүгү белгилүү болду. Учурда эки жаштагы кыз реабилитациялык борбордогу кызматкерлердин көзөмөлүндө.
Эске салсак, наристени 29-декабрь күнү саат 01:30дар чамасында шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жүргөн жеринен табышкан. Аны «Тез жардам» кызматынын өкүлдөрү көрүп калып, милицияга кабар берген.