Бишкектин Биринчи Май РИИБнын кызматкерлери Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салгандарды издөөгө киришти. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 9-январда саат 12:45 чамасында 102 маалымат борборуна Эркиндик жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен Болот Темировго белгисиз жарандар кол салып, күч колдонуу менен сабап, телефонун алып качып кетишкени кабарланган.
«Аталган кылмыш окуясынын бетин ачуу жана күнөөлүүлөрдү аныктап,
жоопкерчиликке тартуу боюнча учурда ыкчам иликтөө, издөө иш чаралары
жүргүзүлүүдө. Кылмыштын бетин ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан
сотко чейинки өндүрүш иш чаралары ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө жана
тиешелүү кызматтарга кылмыш бетин ачуу багытында тапшырмалар
берилгендигин баса белгилейбиз», -деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн, 9-январда Бишкекте Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темиров белгисиз 3 кишиден таяк жеген. Олбурлуу жигиттер журналистке редакциянын кеңсесинин жанынан кол салып, бир нече сокку уруп, телефонун тартып алышкан. Кол салууну ал өзүнүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырууда.