Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу. Сот жараянды Атамбаевсиз өткөрүүнү чечти

Автор -

Экс-президент УКМК имаратында өтүп жаткан соттук отурумдан кезектеги жолу чыгып кетти. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Жактоочу Алмазбек Атамбаевдин отурумга төрагалык кылып жаткан Эмил Кайыповдон уруксат сурабай туруп, кабинеттен чыгып кетишинин себебин түшүндүрдү.

«Алмазбек Атамбаев кандай чечим чыгаарын түшүнүп турат, ошондуктан катышкысы келген жок. Бүгүнкү отурумда ал туруп, чыгып кетүүгө аракет кылды, бирок сот приставдары анын жолун торошту. Буга карабастан, чыгып кетти. Бул анын каршылык акциясы жана Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыздыкка мындай жол менен каршылык көрсөтүүгө укугу бар. Бирок судья анын аракетин сот отурумун өткөрүүнүн тартибин бузуу катары баалап, Атамбаевди сот залынан чыгарып, отурумду ансыз өткөрүү чечимин кабыл алды. Муну менен сот ишти улантуу боюнча абалдан чыгуунун жолун тапты деп түшүндүм. Бирок иш жүзүндө Атамбаев өзү кетип калды», — деди Сергей Слесарев.

Кийин отурум уланып, жактоочулар жараянды жылдырууну суранышкан. Алар соттук отурумдун Биринчи Май райондук сотунун имаратында өткөрүлүшүн талап кылышууда. Судья бардык өтүнүчтөрдү четке какты. Сергей Слесарев сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул да четке кагылды. Бирок соттолуучулардын бири, Онкология борборунун мурунку жетекчиси Абдухалим Райымжанов өзүн жаман сезгендиктен, отурум үзгүлтүккө учурады. Кийинки соттук отурум 14-январга белгиленди.