Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде 9-январдан 10-январга караган түнү саат 00.40дө белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашкан. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.
Белгисиз адамдар Тажикстандын аймагына кире качышкан.
КР укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча унаанын ичиндеги Кыргызстандын жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланган.
Болжол менен бир сааттан кийин Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан Кыргызстандын башка жаранынын унаасын Тажикстандын жарандары Көчө-Карын жергесинде таш менен ургулашкан. Натыйжада унаанын маңдайкы айнеги талкаланган.
Болжол менен саат 02.40 мүнөттө Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Кыргызстандын ал жаранынын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып, маал-маалы менен кайталанууда.
Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.