Санкт-Петербургда кыргызстандык айдоочуну тоноп кетишти

Автор -

Санкт-Петербургда Азербайжандын жарандары такси кызматында иштеген кыргызстандыкты тоноп кетишти. Бул тууралуу «Мойка78» порталы жазды.

Маалыматка караганда, каракчылык окуясы 9-январда катталды. Шектүү делип 3 азербайжандык бир туугандар кармалды.

«3 кылмышка шектүү такси чакыртып, айдоочунун бетине газ баллон менен чачышкан. 25 жаштагы кыргызстандыктын 15 миң рублин, уюлдук телефонун жана банктык карталары менен документтерин алып кетишкен», — деп айтылат маалыматта.