Алар буга чейин берилген паспорттордун сериясын жана номурларын көчүрүп алышкан. Чыныгы паспортторун ээлери Кыргызстандан чыгышкан эмес.

K-News’ка мамлекеттик каттоо кызматынан айтып беришкендей, бул документтер 2007-2013-жылдары берилген. Көпчүлүгү – 2008, 2009 жана 2010-жылдары. Учурда укук коргоо органдары ким, кайсы жерде паспортторду жасаганын текшерүүдө.

17-майда Түркияда Кыргызстандын жасалма паспорттору менен 98 Кытай жараны кармалган. Алардын көпчүлүгү этникалык уйгурлар экени аныкталган. Чет өлкөлүктөр Кыргызстандын паспортун көрсөтүп кармалган учурлар буга чейин дагы катталып келген.