«Жер Үй» алтын кенин иштетүү укугуна ээ Орусиянын миллиардери Муса Бажаев менен Бусурманкул Табалдиевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн аудио жаздыруусу коомчулукка тараган эле. Бүгүн K-News агенттиги эки адамдын маеги анык экенин бышыктады.
Коопсуздук маселелери боюнча президенттин кеңешчиси Табалдиев УКМКны жетектеп турганда Муса Бажаевге телефон чалып, өлкөдө кайрадан «Жер Үй» кени боюнча нааразычылыктар пайда болушу мүмкүн болгондуктан, атайын коопсуздук кызматын түзүп, даяр турууну сунуштаган эле. Эскертүү буйругун президент Алмазбек Атамбаевден алганын айткан болчу.
Орусиялык миллиардер бул сүйлөшүүнүн болгонун тастыктайт. Бусурманкул Табалдиевдин телефон чалуусу «Восток-геолдобыча» ААКна тиешелүү «Альянс Алтын» ЖЧКсы сынактан жеңип калгандан кийин эскертүү максатында болгонун айтат.
«Бул – мамлекеттин атайын кызматтары инвестицияны коргоо максатында алдын алышы керек болгон аракет, коомчулукка белгилүү, туура эле көрүнүш. Эскертүүсү үчүн мен кыргыз бийлигине ыраазымын», — деген Бажаев.
Кандай максат менен, эмне үчүн интернетке аудио жаздыруу чыгып кеткен деген суроого, «Менин оюмча, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болгондур. Балким, «Жер-Үй» алтын кенин иштеткиси келбегендердин жасаганы», — деп жооп берген.
Жолу болбой келген алтын кени 1968-жылы чалгындоого алынып, 75 тоннадан ашык алтындын запасы бар экени аныкталган. ССРБ убагынан белгилүү болгон кендин казынасы чет өлкөлүктөрдү кызыктырып келген. Кыргыз өкмөтү 1993-жылы америкалык «Моррисен-Гнутсен» компаниясы, 1997-жылы англиянын «Оксус» ишканасы менен келишим түзүп, бирок алардан майнап чыгара алган эмес. 2006-жылы «Глобал Голд» компаниясынын лицензиясын да алып коюга мажбур болгон. Казакстанга катталган «Визор групп» ишканасы менен болгон келишим да сот иши менен аяктаган.
Бийлик өкүлдөрү мамлекеттин өзүнүн инвесторсуз кен иштеткенге күчү жетпестигин белгилеп, сот иши аяктай электе эле 100 млн долларлык лицензияны сатып алууга 2014-жылы сынак жарыялаган. Сынактан Муса Бажаевдин «Восток-геолдобыча» ишканасына тиешелүү «Альянс Алтын» ЖЧКсы утушка ээ болгон.
Маалыматка ылайык, аталган ишкана чалгындоо жана куруу иштерин 2016-жылдын экинчи жарымында баштап, 2017-18-жылдары долбоор ишке ашырылмак. 2018-жылы 139 миң унций (4,3 тонна) алтын иштетип, 2023-2031де өндүрүштүн көлөмү 90 миң унцийге (2,8 тонна) жетмек.
Бирок, азыркы убакта компаниянын иши кечигип жатат. Бул тууралуу тоо-кен өндүрүшү боюнча эксперт Расул Үмбөталиев мындайча оюн билдирет:
«Восток-геолдобыча» компаниясы ишти кечеңдетип жатат. Эмдигиче геологиялык чалгындоо иштери баштала элек. Эгерде иштер ушундай темпте улана турган болсо, кайрадан лицензияны сатуу иши каралып, аталган компания кен иштетүү укугунан ажыратылышы мүмкүн», — дейт.
Орус маалымат булактары болсо Бажаевди «иштетүүнүн планын иштеп чыкпай эле, кендүү жерлерди сатып ала берет. Орусия бүтүп чет өлкөлөргө да чыга баштады» деп, «Жер-Үй» кенинин лицензиясын сатып алганда сындашкандары кездешет. Красноярск өрөөнүндөгү мурун сатып алынган кендүү жерлер дагы деле иштетилбей, ишеничтер акталбай, тескерисинче, аны 200 млрд рубль насыя бөлүп берүүсүн өкмөттөн өтүнгөн деген таризде жазып чыгышкан.
Муса Бажаев – көп кырдуу «Группа Альянс» ААКнын (мунай зат, авиабизнес, шекер жана пахта заводдору) президенти жана ээси. Орусиядагы абройлуу миллиардерлердин бири. Ал өзүн бизнес адамы катары таанытып, бийликке чакыруу сунушунан баш тартып койгону айтылат.