Бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Сот менен Башкы прокуратуранын жетекчилерин каарып өттү. Өлкө башчынын пикиринде, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун бошотулушуна дал ушул органдар көмөк кылган.
«Коррупцияга шектелип жаткан Алмаматов боюнча соттун биринчи инстанциясында 12 жарым жылга эркинен ажыратылган. Экинчи инстанцияда ал бошотулду. Бул резонанстуу иш болчу. Коомдун бардыгы бул тууралуу айтып жатат. Мен маалымат каражаттарынан көрүп отурам. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы күнү-түнү иштеп, аны кармаган. Прокурор менен сот алып аны бошотуп салды. Бул нерсе мени таң калдырып жатат. Эмне үчүн ал прокурор кызматынан бошотулган жок? Эмне үчүн сот дагы деле иштеп жүрөт? Бул суроого жооп бергиле, коомчулук уксун. Бул нерсени ал прокурор чечкен жок, ага жогорку жактан буйрук берген, ошон үчүн аны кызматтан бошото албай жатасыңар. Коомчулук бул боюнча мени буйрук берди деп ойлоп жатат. Силер болсо эч нерсе болбогондой отурасыңар. Мага сөз тийип жатат, силер болсо былтыйып отурасыңар», — деди президент.