Чүйдүн Жайыл районунда дайынсыз болуп жаткан 2 кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жайыл РИИБине 52 жаштагы И.Х. арыз менен кайрылган. Арызда 20 жана 15 жаштагы кыздары 23-январда үйдөн чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан. Ал алгач кыздарын өз алдынча издеп, андан соң милицияга кайрылып жатканын билдирген.
«Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу кыздардын жүргөн жерин аныктап, аларды 2 сааттын ичинде таап, ата-энесине өткөрүп беришти», — деп жазылат маалыматта.