Үрүмчүдөн алты кыргызстандык студент келди

Автор -
242

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бүгүн, 28-январда эртең менен Кыргызстанга Үрүмчү шаарынан 6 кыргызстандык студент келди. Алар Үрүмчү шаарындагы (Кытай Эл Республикасы) Синьцзян университетинде окушат.

«Учурда бардык студенттер атайын чатырларда (изоляторлордо), буларга дайыма медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат, алардын ден соолугу канааттандыраарлык, эч кандай оорунун белгилери жана симптомдору чыккан жок. Азыр лабораториялык диагностикалык изилдөө иштери жүрүп жатат», -деп айтылат маалыматта.

Келгендер Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бекиткен нормаларына жана сунуштарына ылайык санитардык-карантиндик аймакта тиешелүү текшерүүдөн өтүүдө.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, бул кыргызстандык студенттер 21-январга чейин Кыргызстанда каникулда болушкан. 21-январдан 27-январга чейин Үрүмчү шаарында болушкан. Алар өлкөгө Казакстан аркылуу келишкен. 

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын ЖОЖдорунда окуган Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Зарылдыкка жараша кыргыз жарандарын эвакуациялоо маселеси иштелип чыкты.