Жалал-Абадда 10 жаштагы кызды зордуктап кетишти. Шектүүнүн фотороботу

Автор -
382

Жалал-Абад облусунда 10 жашар кызды зордуктаган жаран изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-январь күнү Ноокен РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Н.Ы. аттуу аял кайрылган. Арызда ошол күнү саат 17:00 чамасында белгисиз 20-25 чамасындагы жаран анын кызын мектептен келе жатканда коркутуп, күч колдонуп, зордуктап койгонун билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «зордуктоо» беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, шектүүнүн фотороботу түзүлдү.

«Учурда кылмышка шектүүнүн аты-жөнүн, жүргөн жерин аныктоо жана кылмыштын бетин ачып шектүүнү кармоо максатында тергөө тапшырмалары берилип, багыттамалар жиберилип, тергөө-ыкчам иш аракеттери жүргүзүлүүдө. Эгерде сүрөттөгү шектүү туурасында маалымат билгендер болсо, Ноокен РИИБине төмөндөгү номерлер менен кабарлап коюуну милиция кызматкерлери суранат. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Байланыш телефону: 03734 102 0555 00 31 00.