ТИМ: Кытайдагы кыргыз жарандарын алып келүү каралып жатат

Автор -

Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Ухань шаарындагы кыргыз жарандарын алып келүү маселесин карап жатышат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ТИМ Кытайдагы мекендештерибиз дарегин жана телефон номерлерин билдирип коюну өтүнөт.

[ads-quote-center cite=’ деп жазылат маалыматта.’]«Кытайдагы коронавирус коркунучу жөнгө салмайынча ал жакка барбай турууну сунуштайбыз. Ошондой эле эл көп жерге барбаганга, жергиликтүү бийликтин жана медицина кызматкерлеринин айткан кеңештерин сактоого чакырабыз», [/ads-quote-center]