Сирия оппозициясы Дамаск айланасындагы айылдарда кол салуулардын токтотулушу үчүн бийликке 48 саат мөөнөт беришти. Эгер кол салуулар токтобосо, мыйзамдуу жол менен чечишерин билдиришкен.

«Эркин Сирия армиясынын» ичиндеги 30 ар түрдүү оппозиция группалары орток билдирүү таратышты. Алар Асад режими Дамасктын айланасындагы Дерайа, Чыгыш Гута жана Айин ал Асафирде кол салып, ок атышпоо келишимин бузуп жатат деп белгилешет. Ушундан улам оппозиция кол салууларды токтотуш үчүн мөөнөт берип, бул чөлкөмдөгү карапайым калкты коргоо үчүн ар кандай мыйзамдуу жол менен коргошоорун билдиришкен.

Al-Jazeera’да жарыяланган маалыматта Асад аскерлери Идлиб жана Алепподо ок атууларды улантып жатканы белгиленип, оппозиция күчтөрүнүн саясий жараяндан чыга турганы айтылган.

Haberler.com жазгандай, Сирия армиясы жана режим сырткы күчтөрдүн колдоосу менен Дамасктын түштүк-чыгышындагы Дерайга жакын жерлерди бейшембиде өткөрүп алышкан. Оппозициянын карамагындагы Дерайа режимдин колундагы жер менен 1 км жакындыкта турат.

АКШ жана Орусиянын ортомчулугу астында 27-февралдан тарта Сирияда ок атууну токтотуу келишими жетишилген. Бирок бул келишимдин күчү «Жебхат ал Нусра» жана «Ислам мамлекети» деп аталган террордук уюмдарга тиешелүү эместиги билдирилген. Асад режими аталган террордук топторду шылтоолоп, бир нече жолу оппозиция карамагындагы жерлерге кол салган. Андан бери бир нече жолу келишим бузулуп, кайра ордуна келген.